Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:51

Эл өкүлдөр жыйынынын кезектеги отуруму


БИШКЕК. Шаршембиде Жогорку Кеңештин эл өкүлдөр жыйыны, “Жибек жолу” акционердик коому тарабынан Европа реконструкция жана өнүктүрүү банкынын, Кызматташуунун жана өнүктүрүүнүн Борбордук Азия банкынын кредиттик каражаттарынын пайдаланышы боюнча ведомостволор аралык комиссиянын маалыматы жөнүндөгү Улуттук Банктын үстүбүздөгү жылдын 25-ноябрында “Слово Кыргызстана” гезитине жарыяланган билдирүүсүн талкуулады. Буга байланыштуу депутат Болот Байгожоев Улуттук банктын билдирүүсү негизсиз, эл өкүлдөр жыйынын каралоо максатында жазылган, деп билдирди. Ал эми башкы прокурордун орун басары Учкун Каримов “Жибек жолу” акционердик коомуна байланыштуу кылмыш иши козголуп, учурда тергөө иштери жүрүп жаткандыгын маалымдады. Ошондой эле палата “Билим берүү жөнүндө” жана “Мугалимдин статусу жөнүндө” мыйзамдын аткарылышы, Азия өнүгүү банкынын долбоорунун каражаттарын максаттуу пайдалануу тууралуу маселени талкуулап, токтом кабыл алды.

XS
SM
MD
LG