Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:09

БШК шайлоо округдары жөнүндөгү схеманы биротоло бекитти


БИШКЕК. Бүгүн Борбордук Шайлоо комиссиясы кезектеги отурумуна чогулуп, анда шайлоо округдарын өзгөртүүгө байланыштуу токтом боюнча бир пикирге келди. Бул тууралуу бүгүн БШКнын уюштуруу-укук бөлүмүнүн секция башчысы Аргынбаев Мырзабек билдирди. БШК бул жолку отурумунда негизинен Баткен облусундагы №15 Айдаркен, №16 Кадамжай, №17 Кызылкыя шайлоо окргудары боюнча талаштуу участокторду кайра карашты. Ал эми калган облустардагы шайлоо округдары БШК кабыл алган 13-декабрдагы токтомдун чегинде калды. Шайлоо округдарынын схемасына байланышкан маселени шайлоо комиссиясы арыз-даттануулардын чегинде караган. Анда Жогорку Кеңеш шайлоо округдарынын тизмеси жөнүндөгү токтомун кабыл алууда бир катар шайлоо округдарынын аймагы үзгүлтүк менен бөлүнүп, мыйзам бузууларга жол берилди деген доомат айтылган. Жогорку Кеңеш мындай токтомду өткөн жылы июнь айында кабыл алып, БШКга кемчиликтерди оңдоого 5%тик чек менен токтомду кайра кароого уруксат берген.

XS
SM
MD
LG