Линктер

бейшемби, 21-сентябрь, 2017 Бишкек убактысы 00:32

Кытайда 13 кенчи каза тапты


22-декабрда Кытайдын Линфен шаарындагы шахтада 13 кенчи газга уугуп каза тапты. 14 кенчи эртең менен эрте көмүр казганы жерге түшкөн экен. Азыр кырсыктын себептери иликтенип жатат. Кытайдын шахталары дүйнөдөгү эң кооптуу иш орундарынын бири. Быйыл эле он бир айда Кытайда 5286 кенчи ар кандай кырсыктардан каза тапкан.

“Азаттык” үналгысы журтташтар арасында жарыялаган онлайн сынак аяктады. Сынакка келген материалдар менен бул жерден таанышсаңыз болот. ​

XS
SM
MD
LG