Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:53

ӨЛКӨНҮН БАРДЫК ЖАЗУУЧУЛАРЫ, БИРИККИЛЕ…


Айданбек Ташкенбаев, Бишкек 23-декабрда Бишкектеги Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театрында Кыргыз улуттук жазуучулар биримдигин уюштуруу курултайы болот. Ага мамлекет башчысы Аскар Акаевдин катышуусу күтүлүүдө.

Эгемендүүлүк доорунда кыргыз жазуучулары үч топко бөлүнүп кеткен. Алардын ири тобун Надырбек Алымбеков, Эркин Кыргызстан жазуучулар деп аталган бирдигин Төлөгөн Касымбеков жана үчүнчүсүн, “Замана” жазуучулар тобун Омор Султанов жетектеп келген. Курултайдын максаты ушул топторду бириктирүү экенин акын Маркабай Ааматов билдирди:

Курултайды уюштуруунун максаты –бул биригүү. Биз үч топко бөлүнүп кеткенбиз.Эки биримдик, бир топко бөлүнгөнбүз. Мына ушул топторду бириктирип,Кыргыз адабиятынын, маданиятынын келечегине кам көрүү.

Анын айтымында, жазуучулардын үч тобу буга чейин пленум өткөрүп, анда биригүү максатында курултай өткөрүү макулдашылган. Мамлекет башчысы катышкан жыйында Кыргыз улуттук жазуучулар биримдигине имарат бөлүп берүү, басма сөз каражатын уюштуруу маселеси да чечилмекчи. Жалпысынан биригүүгө бараткан жазуучулардын үч тобунун 400гө жакын мүчөсү бар, деп белгиледи Маркабай Ааматов.
XS
SM
MD
LG