Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:03

АЗИЯ ӨНҮГҮҮ БАНКЫНЫН 536 МИЛЛИОН ДОЛЛАРЫ…КАЙДА КЕТИП,КАЙДА ЖУМШАЛДЫ?


Азия өнүгүү банкы Кыргызстандагы экономикалык реформаларды алдыга жылдыруу максатында 536 миллион доллар карыз акча берген. Бишкек-Ош жолун жаңыртуу, биртоп социалдык проблемаларды чечүүгө багытталган Банк каржылаган долбоорлордун биртобу ишке ашырылып, кыйласы ушу тапта улантылууда. 22-декабрда аталган банктын Кыргызстандагы өкүлчүлүк жетекчиси өткөргөн маалымат жыйынында аткарылган иштер, алдыдагы милдеттер айтылды.

Быйыл Азия өнүгүү банкы Кыргызстан сунуш кылган эки долбоорду жактырды. Азия өнүгүү банкынын Кыргызстандагы өкүлчүлүк жетекчиси Ашраф Малик мырзанын айтуусунда, ал долбоорлор негизинен социалдык проблемаларды чечүүгө багытталган.

- Биринчи долбоор, 32,8 миллион доллар ушул жылдын 23-ноябрында бекитилди. Анда Кыргызстандын түштүк дарбазасы – Ош-Сарыташ жолун жаңыртуу милдети каралган. Ош-Сарыташ-Эркештам жолу өтөле узак, ошондуктан Азия өнүгүү банкы анын азырынча 125 чакырымын гана жаңылоону каржылоо милдетин алууда. Бул ишке кошумча каражатты OPEC, Ислам өнүгүү банкы да кошмокчу. Ал эми Эркештамдан чыккан жолду жаңыртуу иши башталган. Кытай Эл Республикасынын көмөгү менен ушу тапта жол жаңыртылууда.

Ашраф Маликтин айтымында, жаңы бөлүнүп аткан карыз акча сегиз жылга кечиктирилип кайтарыла баштайт. Кайтарып берүү мөөнөтү 32 жыл. Азия өнүгүү банкынын Кыргызстандагы өкүлү мындан тышкары эки грант акча бөлүнүп жатканын да маалымдады.

- Буга кошумча техникалык жардам катары эки грант бөлүнүүдө. Биринчиси пайдаланылып аткан жолдорду жакшы кармоо үчүн 800 миң доллар акча, экинчиси Вич-СПИДдин таралышына бөгөт коюу үчүн 500 000 доллар каражат берилүүдө.

Азия өнүгүү банкы булардан тышкары бажы кызматын реформалоого, Борбор Азия өлкөлөрүнүн ортосунда бул жаатта биргелешип иштөөсү үчүн 7,5 миллион доллар бөлүүдө. Кыргызстандын Каржы министринин биринчи орунбасары Эмирлан Төрөмырзаевдин ырасташынча, бул акчалар жалпы маалымат системасын түзүүгө, бажы тосмолорундагы иш ыраатын жакшыртууга, кызматкерлерди окутуп-үйрөтүүгө, аткезчиликти жоюуга багытталмакчы.

-Эми бажы тосмолорунда тараза коюлат. Бул ташылып келаткан жүктүн көлөмүн так аныктоого шарт түзөт… Бул долбоор боюнча бажы тосмолорунун баары оңдолот. Эки жылдан бери Азия өнүгүү банкы берген жардамдын натыйжасында азыр бажы жыйымдарынын көлөмү эки жылда эки эсе көбөйдү. Анан да, алардын баары акчалай келүүдө. Мындан тышкары бажы кызматынын материалдык камсыздалышы жакшыртылат ,- дейт Эмирлан Төрөмырзаев.

Азия өнүгүү банкынын көмөгү менен Кыргызстандын жол катнашын жакшыртуу долбооруна баш-аягы 145 миллион доллар акча сарпталган. Алардын ичинде Ош-Бишкек жолун жаңыртуунун үчүнчү ирети, Алматыга кетчү канжолдун Кордойго чейинки бөлүгү, эмдиги жылдан Ош-Сарыташ жолун оңдоо иштери башталат.

Ашраф Маликтин айтымында, 2004-2006-жылдары Азия өнүгүү банкы Борбор Азия чөлкөмүндө энергетика тармагын өнүктүрүү, жол катнашты жакшыртуу, соода алака-беришти күчөтүүгө 295 миллион ашуун доллар акча бөлүүгө ниеттенүүдө.

Азия өнүгүү банкы быйыл биртоп эларалык каржы институттары менен биргелешип сунуш кылынган долбоорлордун максат-милдеттерин, жоопкерчилик озуйпасын аткаруучуларды тактап чыкты. Ошондон Кыргызстанда аткарылып аткан жакырчылыкты азайтуу, ВИЧ-СПИД илдетинин жайылышына бөгөт коюу сындуу Жапан өкмөтү каржылачу долбоорлордун аткарылышын Азия өнүгүү банкы көзөмөлдөйт.

Ашраф Малик автожол катнаш проблемаларын иликтеген атайын кызмат түзүлүп, ага кыргызстандык адистерди аралаштыруу аракети жасалып жатканын маалымдады.

Ушу тапта Азия өнүгүү банкы каржылаган 288 миллион доллардык 12 долбоор ишке ашырылууда. Кыргызстанга берилчү карыз акчалардын жалпы эсеби бир жылга 40 миллион долларды түзөт. Өлкөнүн экономикалык өсүш көрсөткүчү менен төлөп берүү мүмкүнчүлүгүнө жараша андай жардам улантыла бермекчи, деп билдирди Ашраф Малик.

XS
SM
MD
LG