Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:32

Депутат автоунаалардын терезелерин караңгылатууга каршы


БИШКЕК. Бүгүн Жогорку Кеңештин мыйзам чыгаруу жыйыны «Административдик кодекске өзгөртүү киргизүү жөнүндөгү» мыйзам долбоорун талкуулады. Депутат Алымбай Султанов демилгечи болгон бул долбоорго автоунаалардын терезелерин караңгылатууга тыюу салган жобо киргизилген жана бул жобону аткарбагандарга бир-эки минималдык айлык акы өлчөмүндө айып салуу каралган. Депутаттын айтымында, мындай демилге коопсуздукту сактоо максатында көтөрүлдү. Талкуу учурунда айрым депутаттар расмий жетекчилердин белгилүү тобуна алардын коопсуздугун сактоо максатында автоунаалардын терезелерин караңгылатууга уруксат берүүнү сунушташты. Айрымдары терезени жарым-жартылай караңгылатууга гана макулдук беришти. Долбоорго парламент 27-декабрда добуш бермей болду. Ал эми жума күнү өкмөттүк саат өтөт.

XS
SM
MD
LG