БИШКЕК. Кыргызстандын Шайлоо кодексине ылайык 2005-жылдын 27-февралында өткөрүлө турган парламенттик шайлоого катышууну каалаган талапкерлерди көрсөтүү 21-декабрда башталды. Кыргызстандын «Шайлоо кодексине» ылайык депутаттыкка талапкерлер эки түрдүү жол менен тагыраак айтканда, кандайдыр бир саясий партиянын атынан же өзүнүн атынан көрсөтүлүүгө укуктуу. Борбордук шайлоо комиссиясынын маалымат кызматынын 23-декабарда кабарлашынча, азырынча депутат болууну каалаган бир да талапкер арыз бере элек.
БШКнын башкы юристи Бектур Зулпуевдин маалыматына караганда, депутаттыкка ат салышууну каалаган талапкер адегенде округдук шайлоо комиссиясына арыз берет. Округдук шайлоо комиссиясы талапкердин арыз берилген күндөн тарта он күндүн аралыгында документтерин карап, «катталды» же «катталган жок» деп талапкерге расмий түрдө жооп берүүгө милдеттүү. Шайлоо кодексине ылайык депутаттыкка талапкерлерди расмий каттоо 2005-жылдын 18-январына чейин жүрөт. Талапкерлердин үгүт компаниясы 2-февралдан 26-февралга чейин уланат.