Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:17

ЮКОС компаниясынын негизги ишканасына мамлекет ээ болууда


Орусиянын "Роснефть" аттуу мамлекеттик компаниясы кечээ күнү атайын билдирүү жасап, "Байкалфинансгруп" аттуу ишкананын 100 пайыз акцияларын сатып алганы тууралуу билдирди. 19-декабрда өткөрүлгөн аукциондо ЮКОС компаниясынын негизги ишканасы "Юганскнефтегаздын" 77 пайыз акциясын эч кимге белгисиз "Байкалфинансгруп" тогуз миллиард 300 миллион долларга сатып алган. Эл аралык коомчулук аукциондун уюштурулганын сынга алууда, президент Владимир Путиндин айтымында болсо бул маселе - Орусиянын ички иши. ЮКОСтун башчысы Михаил Ходорковский бир жылдан бери камакта.

XS
SM
MD
LG