Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Май, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 07:15

Бириккен Улуттардын баш катчысынын орун басары кызматынан кетүүдө

Бириккен Улуттардын баш катчысы Кофи Аннандын администрация башчысы Икбал Риза 15-январда кызматынан кете турган болду. Ал тууралуу кечээ күнү Аннан өзү жарыялады. Жетимиш жаштагы пакистандык дипломат Риза эң таасирлүү дипломаттардын бири болчу, Бириккен Улуттар системасына ал 1978-жылы кирген, Иран, Ирак, Никарагуа, Салвадор жана Боснияда иштегенден кийин, ал тынчтык орнотуу бөлүмүндө кызмат кылган, андан соң 1997-жылы баш катчынын орун басары жана анын кеңсесинин жетекчилигине дайындалган.
XS
SM
MD
LG