Испаниянын чек арачылары кечээ күнү Канар аралдарынын жээгинде Африкадан Испанияга сүзүп бараткан качкындардын кемесин кармады, анын ичинде сууктан өлгөн 13 адамдын денеси жана дагы 30 тирүү адам табылды. Африкалык качкындар Европага Испания аркылуу өтөт.