Палестинадагы Йордан дарыясынын батыш жээгинде кечээ күнү жергиликтүү шайлоо өткөрүлдү. Бийликтин айтымында, добуш берүүгө шайлоочулардын 90 пайызынан ашыгы катышты. Жергиликтүү шайлоо Палестинада 1976-жылдан бери болгон эмес, жергиликтүү жетекчилерди мурда Израил өкмөтү, акыркы жылдарда болсо араб автономиясынын жетекчилиги дайындачу. Ноябрда төрага Ясир Арафат кайтыш болгондон кийин, эми 9-январда автономиянын өзүнүн жетекчиси да шайланууга тийиш.