Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:40

Мамлекетик жетекчилер паспортту бекер алабы?


БИШКЕК. Маалыматтык ресурстар жана технологиялар боюнча өкмөт алдындагы мамлекеттик агенттиктин директору Юрий Лысогоровдун билдирүүсүнө караганда, жаңы үлгүдөгү паспорттор 11 адамга гана берилди. Алардын катарында президент, өкмөт башчы, Жогорку Кеңештин төрагалары, Конституциялык соттун төрайымы жана Бишкек шаарынын мэри бар. Алар паспортту акча төлөп алдыбы, деген депутаттардын суроосуна Юрий Лысогоров «жок» деп жооп берди. Депутаттарды жаңы паспорттордун 25 евро болгон баасы, анын бир каттоого алынып, кайра чыгарылса эле керектен чыгып каларлыгы жана беш жылда кайрадан жаңылоону талап кылынышы кескин нааразы кылды. Депутат Эркин Булекбаевдин айтымында, Лысогоров жетектеген агенттик жаңы паспортту киргизүү үчүн каржы министрлигинен 57 миллион евро насыя суроодо.Бул насыядан сырткары агенттик өздүк баасы 4 евро болгон паспортту 25 евродон калкка сатуу менен жүз миллион доллардан ашуун киреше алат. Бул каржалып турган элдин эсебинен байуу, деп белгиледи Булекбаев.

XS
SM
MD
LG