Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:09

Жогорку Сот 80 жылдыгын белгиледи


БИШКЕК. Адилеттик боюнча улуттук кеңеш түзүү тууралуу жардык чыкты. Бул тууралуу бүгүн президент Аскар Акаев Жогорку Соттун 80 жылдыгына байланыштуу өткөн салтанаттуу жыйында билдирди. Президенттин айтымында, адам укуктарын, жарандардын кызыкчылыктарын коргоочу акыйкат, көз карандысыз сотту түзүү мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыты. Жыйында Аскар Акаев ошондой эле соттордон 2005-жылкы президенттик жана парламенттик шайлоо өнөктүктөрүндөгү талаш-тартышты акыйкат таразалап берүүнү суранды. Бул жыйында Жогорку соттун бир катар кызматкерлерине мамлекеттик сыйлыктар тапшырылды. Алардын ичинде Жогорку Соттун төрагасы Курманбек Осмонов «Даңк» медалы менен сыйланды. Белгилеп койчу жагы Кыргызстандын башкы соту 1927-жылы түзүлгөн. Ал эми алгачкы сот тармагы 1924-жылы алгачкы жолу Кара-Кыргыз соту деген аталышта негизделген.

XS
SM
MD
LG