Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:48

Ошто «Элет» партиясынын республикалык конференциясы болду


Конференцияда негизинен алдыда келе жаткан парламенттик шайлоолорго партиянын атынан бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча депутаттыкка талапкерлерди көрсөтүү жана шайлоого уюшкандыкта катышуу маселелери талкууланды. «Элет» партиясынын саясий кеңешинин төрагасы Накен Касиев партиялык уюмдун парламенттик шайлоолорго активдүү катуушудагы негизги милдеттерин белгилеп, аталган партиянын атынан депутаттыкка көрсөтүлгөн талапкерлерге ар тараптуу жардам берүү зарылдыгын айтып өттү. Конференциянын жүрүшүндө Ош шаарындагы №45 Достук, Баткен облусундагы №14 Баткен, Ысыккөл облусундагы №71 Түп, №72 Каракол, №73 Аксуу, №75 Тоң, Нарын облусундагы №32 Атбашы, Бишкек шаарындагы №5 Юнусалиев жана Жалалабад облусундагы №28 Кызылтуу шайлоо округдары боюнча, жалпысынан «Элет» партиясынын атынан тогуз талапкер көрсөтүлдү. Жыйындын аягында талапкерлерди көрсөтүү жөнүндөгү конференциянын протоколун тиешелүү округдук шайлоо комиссияларына берүү жөнүндө токтом кабыл алынды.

XS
SM
MD
LG