Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:21

ТАРЕЛКАЛАРДЫ ФЕВРАЛГА ЧЕЙИН ИЛБЕСЕҢЕР ДАГЫ «МААЛЫМАТ УРУШУНДА» ЖЕҢИЛИП КАЛАБЫЗ ДЕЙТ ТАНАЕВ


2004-жылы табигый кырсыктар 105 кишинин өмүрүн алып кетти. Өзгөчө кооптонууну жер көчкүлөрдүн жыл санап арбып баратышы жаратууда. Кыргызстандагы 4000 ашуун кооптуу аймактын 39 жер көчкү, 22 күчтүү кар көчкү, ошончо ирет сезилерлик жер титирөө болуп өттү. Табигый кырсыктар, кысталыш кырдаалдарда тийиштүү кызматтар дайым эле чогуу-чаран, биргелешип жардам көрсөтүүгө жетише элек.

Кыргыз өкмөтүнүн жарандык коргонуу маселелерин талкуулаган жыйында күч кызматтары азырынча биргелешип, ырааттуу жардам көрсөтүүгө жетише электиги айтылды. Өкмөт башчы Николай Танаев ушу тапта Кыргызстанда 4000 ашуун үй-бүлө коркунучтуу аймактарда жашап жаткандыгы, аларды коопсуз жерлерге көчүрүү милдети турганын айтып, бул ишке «Кумтөр» алтын кенине тиешелүү мамлекеттик акцияларды сатуудан түшкөн акчанын бир бөлүгү жумшала тургандыгын билдирди.

- Бул бир жасалып токтолуп калчу иш эмес. Ал узакка созулган, талыбаган аракетти талап кылат. Ошон үчүн биз өз азаматтарыбызды тынч жана уруш маалында кантип коргоонун ыңгайлуу механизмин иштеп чыгуубуз керек.

Экология жана өзгөчө кырдаалдар министринин орунбасары Алмаз Камчыбеков соңку кездери табигый кырсыктардан тышкары эларалык террорчулук менен жер-жерлерде куралдуу кагылыштар арбып баратканына токтолуп, калкты коргоо иши өзгөчө мааниге болуп жатканын айтты. Анткен менен ушу тапта калкты кысталыш кырдаалда кабардар кылчу система эскилиги жетип, жараксызга чыга баштаган.

- Кабарлоочу системанын 70% эскирип калган жабдуулар. Ошон үчүн элди кабардар кылуу маселеси оор бойдон калууда. Бул кенемтени жоюу үчүн Граждандык коргонуунун башкы штабы тийиштүү мекемелер менен биргелешип Калкты кабардар кылуунун концепциясын иштеп чыкты,- дейт Алмаз Камчыбеков.

Аталган концепцияны ишке ашыруу амалында өкмөт эмдиги жылга 6,2 миллион сом каражат сарптоону көздөөдө. Бирдиктүү диспетчер кызматынын жардамы менен тийиштүү мекеме, уюм жетекчилерин телефон аркылуу кабардар кылуу маселеси чыгууда. Өкмөт башчы Николай Танаевдин айтымында, бул ишке эски ыкманы - карагай мамыларга радио тарелкаларын орнотуу жөнүндө президент А.Акаев койгон милдет аткарылбай келатат.

Транспорт жана коммуникация министринин Байланыш департаментинин жетекчиси Абдыкалим Токоев:

- Ушу тапта Улуттук телерадионун кабарлары жетпеген 160 ашуун айылдарынын 60 спутниктен алынчу сигналдарды кабыл алуу жабдууларын орноттук. Дагы 69 айылга андай жабдууларды орнотуу камылгасы жүрүүдө,- деп маалымдады.

Николай Танаев өкмөт «маалымат урушунда» утулуп калганынын эсесин чыгарып, эски кезди эске салган карагай мамыларга «радио-тарелкаларды» орнотуу милдетин байланыш министрлиги аткарбай койгонун айтты. «Тарелкалар» февралга чейин бардык жерде турсун» деп тапшырма берди өкмөт башчы Н.Танаев.

XS
SM
MD
LG