Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:24

Нарында балаты кыюуга уруксат жок


Нарын облустук токойду коргоо башкармалыгы билдиргендей, жаңы жыл алдында карагайларды уруксатсыз кыюуга тыюу салынат. Нарын шаарында бала бакча, мектеп, ишкана мекемелер үчүн 400 балаты аталган башкармалыктын уруксаты менен кыйылат. Ал эми алардын ордуна 4005 жаш балатылар жаңы тигилет. Ал эми уруксатсыз балаты кыйылып сатылса миң сомго чейин айып салынат. Учурда Нарын облустук токой чабасында 435 миң 456 гектар жер бар. Мунун ичинен 96 миң 293 гектар токой баскан аянт болуп эсептелинет.

XS
SM
MD
LG