Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:04

КЫРГЫЗСТАНДЫН УЛУТТУК ОЛИМПИАДА КОМИТЕТИНЕ АЙДАР АКАЕВ ПРЕЗИДЕНТ


Өлкөнүн Улуттук олимпиада комитетинин президенттигине Айдар Акаевдин шайланышын айрым эксперттер Азербайжандын президенти Илхом Алиевдин жолу менен баратат дешүүдө. Айрымдары муну спорттогу катардагы окуя катары кабыл алышууда.

Эки жума мурун өлкөнүн бокс федерациясынын кезексиз конференциясы өтүп, бул федерациянын президенти Умбеталы Кадыралиев Кыргызстандын олимпиадалык даярдоо борборунун директорлугуна дайындалгандыктан, өз каалоосу менен жетекчилик ордун бошоткон. Анын ордуна өлкөнүн бокс федерациясынын жетекчилигине президент Аскар Акаевдин уулу Айдар Акаев бир добуштан шайланган. Айдар Акаевди бокс федерациясы Улуттук олимпиада комитетинин мүчөлүгүнө сунуш кылышкан.

Бишкектеги «Хаяйт» мейманканасынын «Шайыр» залында 23- декабрда өткөн конференцияга өлкөнүн Улуттук олимпиада комитетинин мүчөлөрү жана спорт коомчулугунун өкүлдөрү катышты. Ал эми аталган конференцияда уюштуруу маселелери каралды. Улуттук олимпиада комитетинин Уставына өзгөртүүлөр киргизилип, өлкөнүн олимпиадалык комитети түзүлгөндөн бери 12 жыл президент болуп келген Эшим Кутманалиев өз арызы боюнча кызматтан бошотулуп, комитеттин Ардактуу президенти болуп дайындалды. Ошондой эле Эшим Кутманалиев аткаруу комитетинин мүчөсү катары калып, Улуттук олимпиада комитетинин генералдык катчылык кызмат сунушталды.

Ушул коомдук уюмдун аткаруу комитетинин сунушу менен Айдар Акаев алгач Улуттук олимпиада комитетинин мүчөлүгүнө кабыл алынып, соңунан улуттук олимпиада комитетинин президентигине шайланды. Улуттук олимпиада комитетинин мүчөлөрү ишеним көрсөтүшкөнүнө жана олимпиадалык кыймылга колдон келишинче салым кошо турганын Айдар Акаев мындайча белгиледи.
Урматуу улуттук олимпиада комитетинин мүчөлөрү мага ишеним көрсөтүп, президент кылып шайлаганыңарга рахмат. Өлкөдөгү олимпиадалык кыймылдын түптөлүшүнө, өнүгүшүнө Эшим Кутманалиевдин салымы чоң. Ал кишинин тажрыйбасын үйрөнүп, Кыргыз спортунун өнүгүшү үчүн колдон келген аракетимди кылам.
Айдар Акаевдин президент болушу Кыргыз спорту үчүн утуш гана алып келээрин айтып, өлкөнүн грек- рим күрөшү федерациясынын президенти Бейшен Абилдаев:
- Финансы, материалдык, аты жагынан жардам берет деп ойлойм. Бул жерде саясат менен байланышы жок. Бул киши өзү президент болгондон кийин өкмөт, каражат жагынан да жардам берет окшойт.

Кыргызстанда дагы Азербайжандан президенти Илхом Алиевдин салт улантылып жатканын, Илхом да биринчи кезекте Улуттук олимпида комитетине төрага болгонун «Эркиндик» партиясынын төрагасы, белгилүү укук коргоочу Топчубек Тургуналиев айтып мындай деди:

- Олимпиадалык комитеттин төрагасы болуш үчүн ал өзү ошол тарпты билген, мыкты спортсмен болуш керек, профессионал керек. Олимпиадалык комитет абдан кирешелүү, акчасы көп жерлердин бири. Себеби эл аралык олимпиадалык комитет биздин Кыргызстандын олимпиадалык комитетине жылга, менин угушума караганда, 150-200 миңге чейин доллар берип турат экен. Демек, Акаевдер Кыргызстанда анча-мынча киреше түшө турган, жей турган жерлердин бүт бардыгын ээлеп атат. Кыргызстанда эмне Айдар Акаевден башка спорттун эң бир мыкты адамдары, дүйнөгө Кыргызстандын атын чыгарып жүргөн атактуу чемпиондор жопу?

Эгемендүү өлкөнүн Улуттук олимпиада комитетин түзүп, Борбор Азия оюндарынын демилгечиси болгон Эшим Кутманалиев конференциянын соңунда мындай деди:

- Олимпиадалык комитеттин член исполкому болуп калдым. Бардыгын үлөйлү, көп жылга калтыралы деген сунуштарга мен макул болдум. Мен ушул системада калып атам, өз убагында кызмат бериш керек.
Өлкөнүн улуттук олимпиада комитетинин мүчөлөрү жана аткаруу комитети мурдакы курамы менен келээрки кайра- шайлоо конференциясына чейин калышты.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG