Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:23

Ош педагогикалык институтунун ректорлук кызматына шайлоо өткөрүлдү


ОШ. 27-декабрь күнү Ош гуманитардык педагогикалык институтунун ректорлук кызматына шайлоолор болуп өттү. Мыйзамга ылайык ректор шайлоого аталган окуу жайдын 170 адамдан турган окутуучулар курамы толук катышты. Ректорлук кызматка талапкерлигин 3 адам, окуу жайдын буга чейинки ректору Досаалы Иманбердиев, Ош мамлекеттик университетинин профессору Байболот Абытов жана Ош технологиялык университетинин кызматкери Урмат Аттокуров коюп, өздөрүнүн платформалары менен тааныштырышты. Добуш берүүнүн жыйынтыгында Урмат Аттокуров 4, Байболот Абытов 57 добуш алса, Досаалы Иманбердиев шайлоочулардын 109 добушуна ээ болуп, буга чейинки ректорлук ордун сактап калды. Анын атаандашы Байболот Абытов шайлоолор мыйзам бузуу жолу менен өткөндүгүн белгилеп, добуш берүүнүн жыйынтыктарын эсептөөчү комиссия Досаалы Иманбердиевдин пайдасы үчүн иштеп койду деген пикирин билдирди.

XS
SM
MD
LG