Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:19

Караколдогу эркин экономикалык аймак башка жакка которулат


БИШКЕК. Мыйзам чыгаруу жыйыны Караколдогу эркин экономикалык аймакты башка жерге которуу тууралуу мыйзам долбоорун кабыл алды. Жыйынга катышкан Ыссыккөл обласынын губернатору Токон Шайлиеванын маалыматына караганда, аталган мыйзам долбооруна ылайык Караколдогу эркин экономикалык аймак Балыкчы шаарына жана Тамчы айылына которулду. Ошондой эле бул мыйзам долбооруна ылайык эркин эконмикалык аймак үчүн Тамчы айлынан 1180 гектар жер ал эми Балыкчы шаарынан беш жүз гектар жер бөлүнүп берилди. Баш мыйзамга ылайык Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган мыйзамга мамлекет башчы кол койгон күндөн баштап күчүнө кирет.

XS
SM
MD
LG