БИШКЕК. Мыйзам чыгаруу жыйыны 27-декабрдагы отурумунда атуулдарды паспорт менен камсыз кылуу тууралуу маселени 30-декабрда мамлекет башчы Аскар Акаев, өкмөт башчы Николай Танаев жана башка бийлик өкүлдөрүнүн катышуусунда кароо тууралуу токтом кабыл алды. Буга палатанын дүйшөмбү күнкү отрумуна аткаруу бийлигинен чакырылган тиешелүү бийлик өкүлдөрүнүн келбей калышы себеп болду. Аталган маселе буга чейин Жогорку Кеңештин кош палатасына каралып, жогорку бийлик өкүлдөрү жарандарды паспорт менен камсыз кылууда карапайым элдин эсебинен бизнес жасап, жең ичинен ири өлчөмдө пайда көрүп жаткандыгы айтылган. Ошондой эле атуулдарды паспорт менен камсыз кылуу милдети жүктөлгөн өкмөттүн алдындагы маалымат технология жана кызмат көрсөтүү агенттигинин башчысы Юрий Лысагоров бир эле мезгилде Орусиянын жана Кыргызстандын атуулу экендигин айтылып, Лысагоровду жумуштан алып, аны мындай кызматка алып келген адамдарды жоопко тартуу демилгеси көтөрүлүүдө.
Мыйзам чыгаруу жыйыны мамлекет башчы Аскар Акаевди палата отурумуна чакыруу тууралуу токтом кабыл алды