Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:33

ЖЫЛ ЖЫЙЫНТЫКТАРЫ, КӨГӨЙЛӨРҮ, МЫКТЫЛАРЫ, МУРАСКЕР АЛИ БЕЛГИСИЗ? ӨРТТӨН АБАЙЛА


Өлкөдөгү басылмалар өтүп бараткан жылдагы орунтуу окуяларды жана жаңы жылды кимдер кандай тосуп алышаарын баяндаган макалаларга орун беришүүдө.

28- декабрда жарык көргөн “Агым” басылмасы өтүп бараткан жылдын окуяларын талдоого алды. Жылдын көйгөйү, жоготуусу, кылмышы, чуулганы, окуясы, кырсыгы, эстеликтери жана аш- тойлору деп анализдеген. “Энергетиканы менчиктештирүү өкмөт үчүн көйгөй болду. Мыйзамын өткөрө албай бийликтегилер депутаттардын артынан үч ай ээрчиди.18 гана депутаттын күчү менен өтпөй калган бул мыйзам кабыл алынып калса, ошондо накта көйгөй болмок. Шүгүр дейли, өкмөттүн көйгөйү жалпы элдин көйгөйүнө айланып кеткен жок “деп жазуу менен “быйыл өлкөбүздөгү бытыраган 44 партиянын бир нечеси өз ара ирилешип, келерки президенттик “кармашка” умтулгандар улам бир кыймыл, топ түзүү менен алектенип жатышат” деп өлкөдө түзүлгөн блокторду санап беришкен.

Ушул «Агым» гезитинде дагы кандай макалалар жарыяланганы тууралуу жооптуу катчы Гүласина Каленова буларды айтып берди:
- «Сессия сүртүмдөрү», быйылкы мечин жылында ташы өйдө жана ылдый кулагандар тууралуу макала, «Жылдын мыктылары» кимдер болгону, миң түркүн адамдардын жаңы жыл жана эски жыл тууралуу каалоо- тилектери, Орусиялык басма сөзгө чыгып кеткен «Сорос- Кыргызстан» фонду ислам оппозицинерлерин колдойт деген пикирди төгүндөгөн ушул фонддун аткаруучу директору Тюлегеновдун маеги жана «Агымдын» поэзия антологиясы, эмдиги жылы кимди эмне күтөөрү тууралуу бал китеп, дүйнө жана спорт жаңылыктары чыкты.
Ошондой эле шейшембиде жарык көргөн “Аалам” гезити “Улут Ордо” коомдук уюмдардын тилектештигинин баш кеңешинин жалпы журтка кайрылуусун басты. Мында өлкөдөгү алдыда турган чоң саясый өнөктүк – парламенттик шайлоолорго карата бардык күчтөр биригип,Калыс көзөмөл тобун түзүү идеясы айтылган. Калыс көзөмөл тобу бийликтин колдоосу жана катышуусу менен үч тараптуу- бийлик тарап, оппозиция тарап жана коомдук уюмдар болуп түзүлүшү шарт” деп жазышат, кайрылууда. «Аалам» гезитинин жаңы санындагы макалалардын мазмуну тууралуу редактордун орун басары Кенжебек Арыкбаев мындай дейт:

- Жаңы жылга арналгандыктан жыл жыйынтыгы туураалуу макалалар бар. Жаңы жылды ким кандай тосот? Эски жыл эмнеси менен эсте калды? Деген суроолорго окурмандар, бажы кызматынын генералы Кеңешбек Закиров, саясатчы Клара Ажыбекова жана депутат Дүйшөн Чотонов жана башкалар жооп беришкен. «Айрылган календардын барагында 2004- жыл» деген макалада жылдын орунтуу окуяларын талдоого алган пикирлер да жарык көрдү.
28- декабрда «Дил ордосу» жумалыгы да жарык көрдү. Мында өлкөгө белилүү инсандардын бир жыл ичинде аткарган иш- аракеттери талдоого алынды. Белгилүү кино артист Гүлсара Ажыбекова: «Үйүмдөн уурдалган акча үчүн мен күнөөлүү эмесмин. Бул мага өчөшкөндөрдүн атайын жасаганы» дейт Гүлсара айым. Ушул басылма келечек парламентке кимдер шайланышы мүмкүн деген божомолго жооп издеп, түрдүү пикирлерди жарыялады.
«Замандаш» журналынын декабрдагы 12-санында журналист Жыргалбек Касаболотовдун «Украинанын тагдыры Евразиянын келечегин аныктайбы?» деген макаласында «Кыргызстанда да келерки жазда парламенттик, күздө президенттик шайлоорло өткөнү турат. Президент Аскар Акаев кийинки президенттик шайлоого катышпай турганын айтып, демократиялык баалуулуктарга кыйла маани берерин көрсөттү. Бирок, мамлекет башчысы бул ролго кимдир бирөөнү даярдай турганы билинип турса да, андай адамдын аты- жөнү азырынча белгисиз» дейт автор. Ушул басылманын жердешчилик, уруучулук жөнүндөгү талкуусуна Жогорку кеңештин эл өкүлдөр жыйынынын депутаты Каныбек Иманалиев менен «Агым» гезитинин кожоюну Мелис Эшимканов катышып, өз пикирлерин билдирген.

27- декабрдагы “Вечерний Бишкек” басылмасы жолдун тайгалагынан жабыр тарткандар көп болуп жатканын, күнүнө шаардын травматология борборуна ондогон адамдар жардам сурап кайрылып, айрымдарынын буту- колу сынып, ооруканада дарыланып жатышканын, коммуналдык кызматчылар жолго кум, туз сээп иштеп жатышканын жазышты. Ошондой эле жаңы жылдык салтанаттарда өрт коопсуздугу сакталбай, балдардын тентектигинен өрт чыккан учурлар көп болгонун, быйыл да сактануунун зарылдыгын кабарчы Эльза Ким эскерткен.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG