Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:03

«МААЛЫМАТ УРУШУНА» ӨКМӨТ «ТАРЕЛКАЛАРДЫ» КАМДООДО


Аксы алааматынан кийин «маалымат урушунан» жеңилип калганын айтып кыргыз өкмөтү ушу тапта айыл-кыштактын текши баарына үналгыларды орнотуп чыгуу аракетин көрүүдө. Зым карагайларга илинген үналгылар элге жаңылыктарды кабарлап, өкмөттүн саясатын түшүндүрүп турмакчы.

Президент А.Акаев коопсуздук жыйында атайын белгилеген милдетти ишке ашыруу өкмөт башчы Николай Танаевдин ырасташынча, оголе көп деле акчаны сарп кылбайт. Коммунисттик идеологиянын арааны жүрүп турган маалда калк көп жашаган айыл-кыштактарда зымга илинип турган үналгылар мамлекеттин саясатын күнү-түнү жалпы элдин кулагына куюп турчу.

Өткөн кылымдын техникалык табериги катары музейге коюлчу эски үналгыларды жаңыртып, аны айыл-кыштактарга илип чыгуунун зарылдыгын өкмөт башчы Николай Танаев ушу тапта эски буюмдарга кызыгуу күчөп бараткандыгы менен түшүндүрдү.

- Бир же эки радио-тарелканы эмдигиче иле элексиңер? Буга, эмне көп акча кетеби? Көп деле акча керек эмес. Тарелка дейсиңерби же коңгуроо деп коесуңарбы, ал аркылуу көп кабарларды берүүгө болот. Электр кубаты жок деле иштей берчу үналгы аркылуу соңку жаңылыктарды берүү, кысталыш кырдаалда элди кабарлоо мүмкүнчүлүгү болмок. Мен ушуга чейин бир да «тарелканын» илингенин көрө элекмин. Эмне үчүн тапшырма аткарылган эмес?- деп суроо койду өкмөт башчы Транспорт жана байланыш министрлигинин байланыш кызмат жетекчиси Абдыкалим Токоевге.

- Билесиз, бул жылдан тарта спутник аркылуу телерадио берүүлөрүн алып берүү долбоору ишке киришти. Кеп мамлекеттик телерадионун кабарлары жетпеген 160 айыл-кыштак жөнүндө болуп жатат. Долбоордун биринчи этабы аягына чыгып калды. Эми 65 айыл-кыштак спутник аркылуу маалымат алуу мүмкүнчүлүгүнө жетишет. Дагы 69 кабыл алуу пункттары даярдалды,- деп маалымдады Абдыкалим Токоев.

Байланыш адисинин жообу өкмөт башчысын канааттандырган жок.

- Мен спутник антендерин айткан жокмун. Бул жаш адам билбейт экен. Зым карагайларга бирден тарелка илинчү. Алардын жанына эл чогулуп соңку кабарларды угушчу. Бул эскиден калган таберик. Азыр андай эски буюмдарды коюп коюу модага айланууда. Бул өзү жөнөкөй жабдуу. Мен дагы бир жолу кайталап коеюн. Президент Коргоо кеңешинде айткан, маалымдоо каражаттарында кабарланган сөздү айта кетейин. Биз маалымат урушунда жеңилип атабыз, жеңилип калдык,- дейт Николай Танаев.


Парламент, президент шайлоо жакындаган сайын жогорку бийлик жетекчилеринен кабатыр сөздөр арбын чыга баштады.

- Ооба, 2002-жылдан кийин биздин оппозицияда бийликти коркутуу модасы пайда болду. Алар керек болсо күч колдонушарын, элди ээрчитип жыйын, жүрүшкө, пикетке чыгышарын айтышып опуза кылышууда. Менин оюмча, бул өкүмзор кысым. Андайга биз, биздин эл катуу каршылык көрсөтүшү керек,- деп билдирди президент А.Акаев мамлекеттик телекөрсөтүү аркылуу элдин суроолоруна жооп берүү маалында.

Президент Коргонуу кеңешинин күн тартибине коюп, өзгөчө маани берип аткан «маалымат урушу» өкмөттүн жаңылыгы деле эмес, коммунисттик доордон калган идеологиялык түшүнүк. «Журналист» коомдук бирикмесинин жетекчиси Кубан Мамбеталиевдин ырасташынча, өлкөдөгү эркин маалымдоо каражаттары таасирдүү үй-бүлөнүн колуна өтүп, сөз эркиндигинин абалы жылдан-жылга кыйындап баратат.

- Массалык маалымдоо каражаттарынын абалы начарлап баратат. Мына электрондук маалымдоо каражаттары – радио, телекөрсөтүү . Азыр эркин телекөрсөтүү жок. Маалымат алуу мүмкүнчүлүгү көбүнчө радио менен телекөрсөтүүгө байланыштуу болуп атпайбы,- дейт Кубан Мамбеталиев.

Өкмөт чочулап аткан «маалымат урушун» ким жүргүзүп атканы түшүнүксүз. Непадам, өкмөттүн илгери үмүттө илдирип аткан үналгы-«тарелкалары» калкка так, туура маалымат бере алса өкмөт өзү ойлоп таап алган проблема оңой эле чечилип калмак.

XS
SM
MD
LG