Орус коргоо министри Сергей Ивановдун бүгүн президент Путин өткөргөн өкмөт жыйынында айтканында караганда, машыгуу келерки жылдын экинчи жарымына белгиленүүдө жана Кытайдын аймагында өтөт. Ага аба жана аскер-деңиз күчтөрү да тартылат. Москва менен Пекин акыркы жылдары, өздөрү мүнөздөгөндөй, стратегиялык өнөктөштүгүн чыңдоодо. Кытай Орусияда өндүрүлгөн курал-жаракты эң көп сатып алган өлкөгө айланды.
Улан Эшматов, Прага
Улан Эшматов, Прага