Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:29

Багдаддагы жардыруудан 13 адам өлүп, 50дөн ашууну жаракат алды


Жарылуу ирактык шийиттердин Ислам революциясынын Жогорку Кеңеши деп аталган партиясынын башкеңсесинин сыртында болгон. Партия лидери, шийиттердин белгилүү саясий ишмери Абдель Азиз ал- Хаким жабырланган жок. Мунун аралыгында ирактык суниттердин ири партиясы январдагы шайлоого катышпасын жарыялады. Алар кан төгүү уланып жаткандыктан, өлкөнүн түндүгүндө жана батышында элдин добуш берүүсүн талаптагыдай уюштуруу мүмкүн эмес деген ойдо. Ирак Ислам партиясы деген уюмдун лидеринин бири Тарик Хашими буларды билдирди:

-Бүгүн партия шайлоого катышпоо жөнүндө өтө оор чечим кабыл алды. Себеби биз кырдаал белгиленген мөөнөттүн аралыгында шайлоого шарт түзгүдөй болуп жакшырбайт деген ишеничтебиз.

Ушул эле партиянын дагы бир лидери Мохсен Абдел Хамиддин айтымында, бирок алар элди 30 –январдагы шайлоону бойкоттоого чакырбайт.

XS
SM
MD
LG