Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:14

Референдум үчүн кол топтоло баштады


КАРАКОЛ. Ишенимдүү булактардан алынган маалымат боюнча Ош облусундагы «Элим менен элим үчүн» деп аталган коомдук фонд тарабынан Аскар Акаевдин президенттик укугун 2010-жылга чейин референдум жолу аркылуу узартуу боюнча көтөрүлгөн демилгени колдоо максатында облуста да кол топтоло баштады. Атап айтканда, атайын баракчаларга кол коюучу адам Аскар Акаевге баатыр наамын ыйгарууга жана анын президенттик укугун 2010-жылга чейин референдум жолу менен узартууга макулдугун берүүгө тийиш. Бул демилгелүү топтордун, фонддордун жана кыймыдардын башкы девизи «Жакшы баа бер жакшы адамга» деп аталат. Ошондой эле бул жалпы элдик демилге ал жогортон эмес, төмөнтөн өйдө көтөргүлөт деген чакырыктарды карапайым калкка жеткирүү аракеттерине да басым жасалууда. Облустан эң кеминде эле 50-60 миң адамдын колу топтолушу керек.

XS
SM
MD
LG