Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:21

Киночулар башкы прокуратурага кайрылышат


БИШКЕК. Кыргызстан киночулар союзуна таандык 90 миң доллардын дарексиз жоголуу фактысына байланыштуу уюмдун жетекчилиги башкы прокуратурага кайрылмай болду. Мындай чечимди чыгармачыл бирикменин шейшемби күнү өткөн кезексиз курултайын кабыл алды. Бул каражатты уюмга белгилүү актриса Гүлсара Ажибекова жетектеп турган кезде Москва киноборбору деп аталган акционердик коом берген болчу. Ажибекова бул каражаттын жоголушун «үйүнөн белгисиз адамдар тарабынан уурдалып кеткен» деп негиздөөдө. Ал эми Союздун азыркы жетекчиси Таалайбек Бапановдун айтымында, каражат боюнча отчет берүү тууралуу жамааттын өтүнүчүн мурдагы төрайым беш айдан бери аткарбай келатат.

XS
SM
MD
LG