БИШКЕК. Мындан ары облустук жана райондук кеңештерге депутаттар үчүн жалпы шайлоо өтпөйт. Муну кепилдеген жобо Жогорку Кеңеш дүйшөмбүдө кабыл алган «Жергиликтүү өзүн өзү башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндөгү» мыйзамга киргизилди. Демилгечилердин бири, шаарлар ассоциациясынын аткаруучу директору Болотбек Асанакуновдун айтымында, мурда кабыл алынган «Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруунун каржы-экономикалык негиздери жөнүндөгү» мыйзамга ылайык облустук жана райондук кеңештер бюджетти бекитүү милдетинен бошотулган жана аларда райондук, облустук мамлекеттик администрация башчыларына макулдук берүү укугу гана калган. Ошондуктан, ассоциация элдин экинчи баскычтагы өкүлдөрүнүн милдетин жергиликтүү кеңештердин өкүлдөрү аркылуу чечип, бул структураны жоюу сунушун киргизген. Аталган мыйзам президент кол койгондон кийин күчүнө кирет.