Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:35

Парламент Абсамат Масалиевдин ысымын түбөлүк калтыруу үчүн күрөшүүдө


БИШКЕК. Жогорку Кеңештин мыйзам чыгаруу жыйыны дүйшөмбүдөгү отурумунда белгилүү коомдук жана мамлекеттик ишмер, маркум Абсамат Масалиевдин атын Бишкек шаарындагы Киев көчөсүнө берүү боюнча шаар бийлигине мурда берген сунушун кайра кароону сунуштады. Анткени, Бишкек шаар мэри парламенттин мурдагы сунушу аткарылбай тургандыгын белгилеп, аны украиналык «Берегиня» коомдук уюмунун жана Украинанын Кыргызстандагы элчилигинин кайрылуусу менен негиздеген. Мындан тышкары Парламент бул күнү Абсамат Масалиевдин ысымын Бишкек шаарындагы Октябрь районуна ыйгаруу тууралуу токтом долбоорун да иштеп чыкты. Депутат Акылбек Жапаров демилгечи болгон бул долбоорго парламент өз оюн айта элек.

XS
SM
MD
LG