Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:51

Кофи Аннан БУУну реформалоого үлгүрөбү?


Амирбек Усманов, Прага Бириккен Улуттар Уюму чоң өзгөрүүгө даярданууда. Башкатчы Кофи Аннандын тапшырмасы боюнча түзүлгөн мартабалуу комиссия БУУ терроризм, жарандык согуш жана жакырчылык сыяктуу үлкөн маселелерди жигердүү жөндөй албай жаткандан улам, анын ишин жакшыртуу үчүн 100дөн ашуун сунуш киргизди. Бирок, БУУнун “Мунай ордуна азык түлүк” программасына байланыштуу чыккан чатактан улам, реформанын демилгечи- аткаруучусу Кофи Аннанды кызматтан кетүүгө чакырган үндөр угулууда.

Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин негизделген БУУну реформалоо зарылдыгы бир нече жылдан бери айтылып жүрөт. Мындай сөзгө уюмдун башкатчысы Кофи Аннандын демилгеси менен түзүлгөн комиссия жаңы дем берди. Береги топ террорчулук, жакырчылык, ич ара согуш, СПИД сыяктуу дүйнө коопсуздугуна коркунучтуу проблемалга каршы БУУнун натыйжалуу иш жүргүзүүсү үчүн 100дөн ашуун сунуш жасады.

Аннан ал сунуштардын көбүн турмушка ашырууга дилгирлигин билдирди. Ал Улуттар Уюмунун реформалоо боюнча өз планын март айында жарыялайт. Аннандын планына ылайык БУУнун сентябрда өтчү саммитинин күн тартиби аныкталмакчы. Ал жыйында Улуттар Уюмунун “Миң жылдык өнүгүү багыты” бекитилүүгө тийиш.

БУУга мүчө өлкөлөр биринчи кезекте: Коопсуздук кеңешин кеңейтүүнү жана терроризмге так аныктама берүү зарыл деп эсептешет.
Атайын комиссия Кеңешке 24 өлкө кирсин, карапайым элди бутага алууну, анын ичинде оккупация шартында жарандарга кол салууну террорчулук деп таанууну сунуш кылды.
Аналитиктер Германия, Япония, Бразилия жана Индия келечекте Коопсуздук Кеңешинин туруктуу мүчөсү болушу мүмкүн экенин боолгошот.

191 мүчөлүү эл аралык уюмду реформалоого “Мунай ордуна азык түлүк” программасынан чыккан чатак кедерги болчудай. Программанын алкагында ирактыктарга акыркы 10 жылдан ашуун мезгилде гуманитардык жардам көрсөтүлгөн. Саддам, айрым маалыматтарга караганда, жардамга жамынып, 5 миллиард долларды уурадап алган. БУУ программаны жакшы көзөмөлдөбөдү деп күнөөлөгөн сенатор Норм Колеман Аннанды башкатчылыктан кетүүгө чакырды. Бирок, бир катар өлкөлөр, анын ичинде АКШнын Улуттар Уюмундагы элчиси Жон Дэнфорт Аннанды колдоп чыгышты:

-Биз Башкатчыга ишенебиз жана ал кызматын уланта бериши керек. Улуттар Уюмунун үстүнө булут топтолуп калган шартта, Күндүн бетин ачуу үчүн тергөө өтү маанилүү.

Румыниянын элчиси Моточ да БУУну реформалоодо Аннандын кадыр-баркын пайдалануу маанилүү деп эсептейт:

-Биз, баарыбыз Улуттар Уюму, анын жетекчиси-Башкатчы алдыда күтүлүп жаткан реформаны жүзөгө ашырышын каалайбыз. Биз үчүн жетекчиликтин бардык күчүн -мүмкүнчүлүгү келип турганда- уюмду жаңы шартта иштөө үчүн реформалоого жумшоосу абдан зарыл.

БУУнун эң ири каржылоочусу Вашингтондун уюмду реформалоо боюнча кандай планы бар, белгисиз. Талдоочулардын айтышынча, АКШ өкмөтү Улуттар Уюму терроризмге, ядролук куралдарды жайылтууга каршы күрөштү жана мамлекеттүүлүктү бекемдөө иштерин жакшыртуусу абзел деп санайт.
Айрым эксперттер БУУнун терроризмге каршы глобалдык күрөштү ийкемдүү координациялай албайт дешет. Брукингс институтунун аналитиги П. Каана:

-БУУ глобалдык терроризмге каршы бардык иштерди мыкты уюштуруучу жай эмес. Себеби, ал иш чапчаңдыкты, дипломатиялык ийкемдүүлүктү жана тез чара көрүүнү талап кылат. БУУ ылдам иштей албайт.

Келечекте Улуттар Уюмунун Адам укугу боюнча комиссиясы да чоң өзгөрүүлөргө дуушар болору айтылууда. Аннандын демилгеси менен түзүлгөн атайын топ Адам укугу боюнча комиссиянын курамына БУУга мүчө 191 өлкө кирсин деп сунуш кылды. Азыр анын 53 мүчөсү бар. БУУкомиссияны кеңейтүүдөн иштин натыйжалуулугу өспөйт деп, алдагы сунушка каршы пикирин айтты.

XS
SM
MD
LG