Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:43

КЫРСЫККА КАРАБАЙ, ОРУСИЯДАН ТАЙЛАНДКА БАРУУНУ САМАГАНДАР КӨП


Төрөкул Дооров, Москва. Түштүк Азияда болгон кырсыктан орусиялык туристтер да жапа тартышты. Жер титирөө болгон жерлерде канча орусиялык турист бар болчу, кимдин ахыбалы кандай?

Тайланддын туристтик полициясынын маалыматында, өлкөдө Орусиядан жана постсоветтик башка мамлекеттерден келген миңге жакын турист бар.

Соңку маалыматтарга караганда, Тайланддын Пхукет аралында 33 жаштагы москвалык аялдын өлүгү табылган. Москвалык турист аял аралга кичинекей уулу менен барган, ал бала тууралуу эч кандай кабар айтыла элек. «Азырынча өлгөндөр жөнүндө башка кабар жок» деп билдирди Орусиянын Тайланттагы элчилигинин өкүлү Ирина Борисюк.

Анын айтымында, ушул убакка чейин 120 орусиялык турист дайынсыз жоголууда. Пхукет аралынан азырга чейин 2 миң 170 адам чыгарылган болсо, анын сегизи орусиялыктар экен.

Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар министри Сергей Шойгу билдиргендей, адамдардын санын тактоо иши уланууда.

- Эгерде зарыл болсо, биз ал жерлерден адамдарды ташып келгенге даяр болушубуз керек. Биз азырынча алардын саны бир жарым миңдей болот ко деп ойлоп жатабыз. Бул иш улантылат, анткенги көптөр Орусиядан эмес, башка мамлекеттер аркылуу да барышкан, - дейт орусиялык министр Сергей Шойгу.

Орусиянын Тышкы иштер министрлиги туристтерди кырсык болгон райондорго баруудан баш тартууга чакырды. Ага карабай, «Азияга жол алууну каалаган туристтердин саны азайган жок» дешет көптөгөн орусиялык туристтик компаниялар.

- Азырынча Тайланттагы туристтердин арасында эч ким мөөнөтүнөн мурда мекенине кайтууга умтула элек. Керек болсо, биз эртең бир учак толо туристтерди Пхукетке жөнөтүп жатабыз, - дейт орусиялык туриндустрия Кеңешинин басма сөз катчысы Ирина Тюрина.

Анын үстүнө, тайланддык бийликтер да азыр туристтик жайларды тезинен оңоп, түзөө аракетин көрүп жатышат.

- Пхукеттеги көптөгөн отелдер орусиялык кесиптештерине жатаканаларды тезинен калыбына келтирүү ишин баштап, туристтерди кабыл алуга даяр боло тургандыктарын айтышууда. Бул да түшүнүктүү, анткени сезон убагында акчадан куру калууну эч ким каалабайт, - дейт Ирина Тюрина.
XS
SM
MD
LG