Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:19

В.Тюпин: «Бачабаздардын укугу басмырланууда»


БИШКЕК. Кыргызстанда жакында бири-бирин жакшы көргөн аялдардын укугун коргоочу «Лабрис» аттуу коомдук уюм түзүлөт. Бул тууралуу 29-декабрда «Оазис» аттуу фонддун жетекчиси Владимир Тюпин АКИ-пресс агенттигинде өткөн маалымат жыйынында билдирди. Анын билдирүүсү боюнча жыныстык көз карашы жагынан башкалардан айырмаланган бачабаз эркектердин, бири-бирин сүйгөн аялдардын жана транссексуалдар менен бисексуалдардын укугу басмырланууда. Алардын укугу айрыкча ишке орношууда, кадимки кафе, ресторандарга барууда жана тартип коргоо өкүлдөрү тарабынан катуу басмырланат. Бул тууралуу Голландиялык иликтөөчү Ван дер Вюранын «Кыргызстан адам укугунун өлкөсү, бирок бачабаздар үчүн эмес» аттуу китебинде далилдүү жазылган. Владимир Тюпиндин айтымында, дүйнөдөгү эркектердин 100 миңинин 6 проценти, аялдардын 4 проценти өз жынысындагы адамды жакшы көрүшөт. Ал эми Бишкек менен борбордун айланасындагы аймакта азыр 6 жарым миң бачабаз бар.

XS
SM
MD
LG