Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Ноябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 05:57

Соода палатасынын арымы күчөп жатат


БИШКЕК. Кыргызстандын соода-өнөр жай палатасынын иштегенине 45 жыл толду. Палата азыркы күндө 55 мамлекеттеги соода палаталары менен кызматташып, Европа,Азия жана КМШ мамлекеттеринин палаталарынын эл аралык кеңешинин ишине катышат. Азыр соода палатасынын Кыргызстанда миңден ашуун өнөктөш чарба, ишканалары, 325 мүчө компания, фирмасы бар. Бирок, Кыргызстан Бүткүл дүйнөлүк соода уюмуна мүчөлүк мүмкүнчүлүгүн толук пайдаланбай келет. Соода-өнөр жай палатасынын президенти Борис Перфильевдин айтымында, буга Кыргызстандын уюмга мүчө башка мамлекеттер менен өнөктөш мамилени түзө билбегендиги кедергисин тийгизүүдө. Андан тышкары Борис Перфильев Кыргызстанда ишкерликтин өнүгүшүнө орто деңгээлдеги мамлекеттик кызматкерлердин ишкерликке аралашып, бардык мыйзамдарды өз кызыкчылыгына жараша пайдалануу аракети терс таасир тийгизип жаткандыгын билдирди.

XS
SM
MD
LG