БИШКЕК. 29-декабрда Мыйзам чыгаруу жыйынынын үч комитети: мамлекеттик коопсуздук,атаандаштыкты өнүктүрүү,кардарлардын укугун коргоо жана кылмыштуулук жана конкуренция менен күрөшүү маселелери боюнча комитеттердин биргелешкен жыйынында жаңы үлгүдөгү паспорттор менен атуулдарды камсыз кылуунун абалы талкууланды. Ага биринчи вице-премьер министр Кубанычбек Жумалиев баштаган өкмөт мүчөлөрү катышып, депутаттардын суроолоруна жооп берди. Паспорттун эмне себептен берилбей жаткандыгын так билүүгө кызыккан депутаттар президенттин Маалымат технологиялары жана ресурстар агенттигин түзүү жана паспорт берүү укугун Ички иштер министрлигинин карамагынан алып агенттикке берүү жөнүндөгү жардыгы натуура деп, аны пайда табуунун бир булагы деп баалашты. Ал эми биринчи вице-премьер министр Кубанычбек Жумалиев атуулдар жөнүндөгү маалыматты бир борборго чогултуп, паспорт берүү укугун атайын агенттикке өткөрүү эл аралык коомчулуктун талабы менен жасалгандыгын жана паспортту даярдоо боюнча тендер мыйзамдуу болгондугун билдирди.