Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:28

МОСКВАДАГЫ КЫРГЫЗСТАНДЫК СТУДЕНТТЕРДИН ЖАҢЫ ЖЫЛДЫК КЕЧЕСИ


Төрөкул Дооров, Москва. Жаңы жыл майрамын Орусиянын баш калаасында жашап, иштеп жүрүшкөн кыргызстандыктар биргеликте белгилешти. Бул жолу «Кыргыз биримдиги» уюму, студенттер жана башка топтор өткөрүшкөн түрдүү кечелер бир канча ирет мекендештердин башын бириктирип, жылуу маанайда өттү.

Адатта, Москвада окуп жүргөн кыргызстандык студенттердин кечелери жалаң түнкү клубдарда өтөт. Бул жолу да эски адат унутта калтырылбай, студенттер «Кызыл майданга» жакын жерде орун алган «Даймонд холл» түнкү клубунда жолугушууну туура көрүштү.

Иш-чара кечки саат 10до башталат деп билдиришкен эле. Бирок түнкү 12де да адамдардын саны ичти жылыта тургандай болбоду. Ушундан уламбы, анын башталышы улам артка жылдырылып жатты. Кантсе да, мында топтолушкандар муну менен эле көңүл чөктүрүүгө алдыргылары келбегендей туюлду. Ар кайсыл топтордо олтурушкандар күлкү-тамаша менен маанай көтөрүүгө, сунулган микрофонго жооп катарында Кыргызстандагы жакындарына салам жолдоого ашыгып жатышты.

Көптөгөн студенттер, ошондой эле, Москвада иштеп жүргөн көптөгөн жаштар үчүн өтүп бараткан жыл көптөгөн ийгиликтердин жылы болуптур.

- Келээрки жылда мен өзүмдүн Орусияда жашап жаткан мекендештериме бул жердеги суук аба-ырайында, биринчи кезекте, чың ден-соолук каалар элем. Андан сырткары, эч качан өз мекенибизди, Кыргызстанды, унутпай, ошол эле убакта өзүбүздүн да каалоолорубузду ишке ашыралы.

«Азаттык»: - Өтүп бараткан жылда кайсыл окуялар сенин эсиңде калат?

- Өтүп бараткан жылда мен М.В.Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетинин журналдистика факультетинде төртүнчү курста окудум. Бул негизги жетишкендик деп билем. Андан сырткары, Москванын алдыңкы деп эсептелген журналдарынын бирине кабарчы болуп иштей баштадым. Менин мекеним тууралуу жазган макалаларымды орусиялыктар, ошондой эле мекендештерим окушту, - деп өтүп бараткан жылда өз ийгиликтер менен бөлүштү кыргызстандык Бактыгүл.

Ал эми Москвада иштеген Туратбек үчүн да жыйынтыкталган жыл жакшы ийгиликтерди алып келиптир.

- Менин атым Туратбек. Мен баардык кыргызстандыктарга Жаңы жылда ийгиликтерди каалайм, кандай күндө болбосун, бири-бирибизди унутпайлы.

«Азаттык»: Сен Москвада окуйсуңбу же иштейсиңби?

- Мен бул жакта иштейм.

«Азаттык»: Сен үчүн өтүп бараткан жыл кандай болду?

- Аяктап бараткан жыл көп эле ийгиликтерди алып келди: Москвага келип, ишке орноштум, Бишкектен квартира сатып алдым.

Орусиядагы кыргызстандыктардын башын бириктирүүгө аракет кылып жаткан кыргыз диаспорасы – «Кыргыз биримдиги» - уюмунун өкүлдөрү да бул кечеге катышты . Анын өкүлү Турсунбай Кубатбеков Жаңы жылдык каалоолорун төмөнкүчө билдирет.

- Жаңы жыл жакшылыгын алып келсин. Баары эле Орусияга келип, кичине иштеп барып, элдин абалын жакшырталы деп аракеттенип жүрүшөт. Ошолордун тилеги орундалып, элибиздин ал-ахыбалы оңолуп кетсин, - дейт Москвадагы кыргыз диаспорасынын өкүлү Турсунбай Кубатбеков.
XS
SM
MD
LG