Африканын Судан мамлекетинин Дарфур провинциясына Бириккен Улуттар тарабынан гуманитардык жардам жиберүү бүгүн убактылуу токтотулду, анткени аймакта жаңы куралдуу кагылышуулар башталды. Түндүк Дарфурдун борбору Эл-Фашер жана Түштүк Дарфурдун борбору Ниала шаарларына жете албай азыр 1300 тонна жардам менен 70 жүк ташуучу машине токтоп турат. 19-декабрда ок атышууну токтотуу туралуу келишим түзүлгөн, бирок кагылышуулар баары бир чыгууда. Бир жарым жылдын ичинде Дарфурдагы коогалаңда 70 миңге жакын адам өлдү.