Украинанын президенттигине талапкер, премьер-министр Виктор Янукович 26-декабрда өткөн шайлоодо мыйзам бузуулар болду деп шайлоо комиссиясына арыз жолдоду. Анын айтымында баардык 225 шайлоо округдарында тең мыйзамдар бузулду. Бирок комиссия арыз берүүнүн мөөнөтү өтүп кеткендигине байланыштуу аны кароодон баш тартты деген маалыматтар бар. Янукович өз арызын өлкөнүн Жогорку сотуна да жолдоду. Ал арада Янукович премьер-министрлик кызматтан кетпей тургандыгын 29-декабрда журналисттерге билдирди:
– Азыр алар “мени кызматтан кетиши керек” деп жатканда менин жообум мындай – мейли алар мыйзамдарды тебелөөнү уланта беришсин, бирок мен принцип үчүн арыз жазбайм. Анткени азыр да алар мурдагыдай болуп калтырап-титиреп коркуп жатышат. Туура кылышат – анткени жакын арада биз өз сөзүбүздү айтабыз.
29-декабрда ал өкмөттүн жыйынын өткөрөйүн деди эле ага Ющенконун жактоочулары жол беришкен жок. Алардын айтымында парламент Януковичтин өкмөтү отсавкага кетиши керек деп добуш берген. Бирок Украинанын мыйзамдары боюнча Янукович кызматтан кетиш үчүн президент Кучма жарлык чыгарыш керек.
Ал арада Виктор Ющенко Интерфакс агенттигине берген интервьюсунда премьер-министрликке өзүнүн командасындагы Юлия Тимощенко, Петр Порошенко, социалисттердин лидери Александра Мороз жана мурдагы өкмөт башчы Анатолий Кинах татыктуу экендигин айтты.