Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Октябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:59

ТҮШТҮК-ЧЫГЫШ АЗИЯДАГЫ ЖЕР ТИТИРӨӨ КМШ ӨЛКӨЛӨР ЖАРАНДАРЫНА ДА ЗЫЯНЫН ТИЙГИЗДИ


Нарын АЙЫП, Прага Өткөн жекшемби күнү Индонезиянын Суматра аралынан алыс эмес аймакта деңиз түбүндө жер титирөө болгондон чыккан толкун жакын арадагы Таиланд жана Индонезия аралдарына гана эмес, Индия менен Африканын жээгине да жетти. Кээ бир майда аралдарда жашаган элдерди суу толугу менен жууп кетти. КМШ өлкөлөрүнөн бул аймакка эс алууга баргандар арасында да жоготуулар бар.

Эксперттердин айтымында, деңиз түбүндө жер титирөө болгондон тартып, андан суу бетинде толкун пайда болгонго чейин бир топ убакыт бар.Цунами деп аталган ал толкун жер бетине жеткенче бир нече саат өтөт. Ошондуктан, эгер силкинүү катталаары менен цунамиден сактануу чаралары көрүлө баштаса, көп сандуу жоготуулардын алдын алуу мүмкүн.

Цунамилер негизинен Тынч океанда пайда болот жана 1964-жылы Алясканы катуу толкун ургандан кийин, 1965-жылы цунамиге каршы эл аралык система түзүлгөн. Анын алкагында Түндүк жана Түштүк Америка, Жапания, Океания, Австралия, Жаңы Зеландия менен СССРдин Алыскы Чыгышында атайын станциялар курулган. Суу түбүндө жер силкинүү катталаары менен, баштала турган цунами тууралуу маалымат таратыла баштайт, ага тийиштүү кызматтар чара көрөт. Бирок ал системага Индия же Шри Ланка сыяктуу өлкөлөр кирбей калган, анткени Инд океанында мурда цунами көп кездешчү эмес.

26-декабрдагы Суматра аралынын жанындагы силкинүүнүн күчү Аляскадагы титирөөдөн анча-мынча эле төмөн болуп, Рихтер өлчөмү менен тогуз баллга жетти, андан чыккан цунами Индия менен Африканын жээгине чейин тарады жана өлгөндөрдүн саны азыр 100 миңге жакындап барат. Зилзаланын канчалык күчтүү болгонун - Жер шары айланган октун багыты жана планетанын айлануу ылдамдыгы дагы өзгөргөнү эле көрсөтөт.

Силкинүү болгон учурда Таиланд жана башка жакын аймактардагы курорттордо КМШ өлкөлөрүнөн келген бир миңге жакын турист болгон, 20-22-декабрда Таиландка жалаң эле Казакстандан эки жүздөн ашык жана Орусиядан - алты жүздөн көп адам келген. Миңдеген адамдын дайны эмдгиче белгисиз жана алардын элүүгө жакыны - Орусия менен Казакстандын жарандары.

Беларус ишкер Игар Макалович анын бир тууганы Таиландда кантип аман калганы тууралуу минтип айтат: "Ал өзүнүн бир жолдошу менен сүрөткө түшөбүз деп тоого чыгып кеткен экен, дал ошол мезгилде алардын мейманканасына цунами тийип, аны толугу менен кыйратыптыр. Таиланддын Пхукет аралындагы ооруканада азыр Казакстандан келген беш адам жатат, дагы үч казак жаранынын дайыны белгисиз. Казакстандын Тышкы иштер министрлиги элге кайрылып, Түштүк-Чыгыш Азияга баруудан карманууга чакырды: "Кырсык менен байланыштуу аймакта ар башка оорулардын чыгышы күтүлүүдө. Андан тышкары, силкинүүлөр дагы кайталанышы мүмкүн деген да маалымат бар. Ошондуктан Тышкы иштер министрлиги бул аймакка кызмат сапары менен же эс алууга же жеке максат менен баруудан азырынча баш тартууга кеңеш берет", - дейт Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Мухтар Карибай.

Анткен менен бир топ орус жана казак туристтик фирмалары Таиланд же Шри Ланкага туристтерди дагы эле жөнөтүүдө жана жолдомо сатып алгандар аларды кайтарып, акчасын кайра алайын десе, көпчүлүк фирмалар ага каршы жана андан да бир топ маселе чыгып жатат.

XS
SM
MD
LG