Линктер

шейшемби, 19-сентябрь, 2017 Бишкек убактысы 23:23

Ажылыкка Кыргызстандан 4 миңден ашуун мусулман барат


БИШКЕК. Быйыл ажылыкка Кыргызстандан 4 миңден ашуун мусулман барат. Алардын отуз пайызга жакыны самолет менен калганы авто унаа менен барышат. Бул тууралуу «Азаттыктын» кабарчысына Кыргызстандын мусулмандар муфтийи Мураталы ажы Жуманов билдирди. Муфтийдин айтымына караганда мусулмандарды ажылыкка алып баруу иш чарасы муфтият, өкмөттүн алдындагы дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия, Ички иштер министрлигинин өкүлдөрүнөн түзүлгөн республикалык штаб тарабынан уюштурулууда. Кыргызстандан Мекеге барып келүү үчүн самолеттун билети 1600 доллар, ал эми автоуна менен барып келүү 800 доллар турат. «Ажылыкка барууну максат кылган мусулмандар 21-январда Мекеде болушу керек» деп кошумчалады Мураталы ажы Жуманов.

“Азаттык” үналгысы журтташтар арасында жарыялаган онлайн сынак аяктады. Сынакка келген материалдар менен бул жерден таанышсаңыз болот. ​

XS
SM
MD
LG