Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Май, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:15

Жаңы паспорт «жараксыз» деп табылды

БИШКЕК. Жаңы паспортко Кыргызстандын улуттук белгиси - гербдин сүрөтүн тартууда олуттуу катачылыктар кетирилген. Ошондуктан буга чейин даярдалган жаңы паспортторду атуулдарга берүү токтотулат. Бул тууралуу «Азаттыктын» кабарчысына биричи вице премьер-министр Кубанычбек Жумалиев 30-декабарда билдирди. Анын айтымына караганда атуулдарга жаңы паспорт берилеби же 1994-жылдагы паспорт берилеби жакынкы күндөрү чечилет. Кошумчалай кетүүчү нерсе, бүгүнкү күнгө чейин 100 миң даана жаңы паспорт чыгарылган. Ага 7 миллион евро чыгым жумшалган. Мындай каражатты ким төлөп берет азырынча белгисиз.
XS
SM
MD
LG