Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:06

Мыйзам чыгаруу жыйын депутаттары өкмөт башчысын кызматтан кетирүүнү талап кылышууда


БИШКЕК. Мыйзам чыгаруу жыйынынын 30-декабрдагы отурумунда кыргызстандыктарды жаңы паспорт менен камсыз кылуу маселеси талкууланды. Жыйынга президенттик админстрация башчысынын орун басары Болот Жанузаков, биринчи вице-премьер министр Кубанычбек Жумалиев жана башка өкмөт мүчөлөрү катышты. Бул күнкү жыйында ондон ашуун депутат чыгып сөз сүйлөштү. Сөз сүйлөгөн депутаттардын көпчүлүгү аткаруу бийлик өкүлдөрү жарандарды паспорт менен камсыз кылууну мамлекеттик деңгээлде пайда көрүүчү бизнеске айландыргандыгын айтышса, айрым депуттар мындай мыйзамсыз аракеттердин артында мамлекет башчы Аскар Акаев баштаган эң жогорку бийлик өкүлдөрү турарын белгиледи. Ошондой эле депутаттар жарандарды паспорт менен камсыз кылуу боюнча өкмөттүн аракетин 2004-жыл-Адилет башкаруу жылында жасалган мамлекеттик деңгээлдеги коррупциялык иштердин эң ириси деген ойлорун айтышты. Талкуу учурунда Николай Танаев баштаган кыргыз өкмөтүн толук курамы менен кызматтан кетирүү тууралуу токтом долбоору сунушталды. Талкуу 31-декабарда улантыла турган болду.
Кошумчалай кетүүчү нерсе, биринчи вице-премьер-минстр Кубанычбек Жумалиев «Азаттыктын» кабарчысына депуттардын жогорудагыдай айыптоолоруна макул эмес экендигин айтып, жарандарды паспорт менен камсыз кылуу мыйзамдуу ишке ашырылган деген оюн билдирди.

XS
SM
MD
LG