Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:05

Заркавинин жакы жан-жөкөрү колго түштү

АКШы аскерлери иорданиялык согушчан Абу Мусаб Заркавинин жакын жардамчысын колго түшүрүштү.
Рида деген ысым менен белгилүү Фадил Хусайн Ахмед ал-Курди козголоңчу деп шектелген эки адам менен чогуу Багдадда кармалганын Ирак өкмөтү билдирди.
“Рида “ал-Каида” менен Заркивинин террордук уюму ортосундагы байланышты жана террорчулардын Ирактагы жана тыш жактардагы аракеттерин координациялап турган”, - деп айтылат билдирүүдө.
Ирактагы көптөгөн кандуу зобундардын уюштуруучусу Заркавинин башы үчүн АКШ бийликтери 25 миллион доллар байге сайган.
XS
SM
MD
LG