Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:00

Суу каптоодон каза тапкандардын саны 125 миңден ашты


26-декабрда Түштүк чыгыш Азияда болгон суу каптоодон каза тапкандардын саны акыркы маалыматтар боюнча 125 миңден ашты. Бир эле Индонезиянын өзүндө көз жумгандардын катары 80 миңге жетти. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун айтымында Инди океанынын алабында жашаган 5 миллиондой эл кырсыктан жапа чегишип, кыйналып жатышат. Уюмдун маалыматына караганда болжол менен 300 миңдей тургун медициналык жардамга муктаж.

Дүйнө мамлекеттери гуманитардык алааматты болтурбоо максатында Инди океанынын жээгиндеги өлкөлөргө жардам көрсөтүүнү бейшембиде да улантышты. Дале болсо турситтерден тартып тор салып жүргөн балыкчыларга чейин миңдеген адамдардын дайындары чыкпай жатат. Көптөгөн интернет сайттар изделип жаткандарды табуу максатында өздөрүнүн баракчаларын ачты. Швеция ишембини аза күтүү күнү деп жарыялады. Анткени Түштүк Азияда эс алып жүргөн төрт жарым миңдей шведдин тагдыры белгисиз.

30-декабрда Бириккен улуттар уюмунун баш катчысы Кофи Аннан жалпы адамзат мурда болуп көрбөгөндөй бир ынтымакка келип, аламаттын кесепеттерин жойбосо тирүү калган дагы миңдеген адамдар жугуштуу оорулардан жана ачкачылыктан кырылып калышы ыктымал деп эскертти. Кофи Аннандын маалыматы боюнча суу каптоонун кесепеттерин жоюуга деп берилип жаткан жана убада кылынган жардамдын көлөмү азыр 500 миллион доллардан ашты. Мунун жарымын Дүйнөлүк банк бөлмөкчү. Бир эле Улуу Британия 96 миллион доллар көмөк көрсөтөм деген ниетин билдирди.

XS
SM
MD
LG