Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:00

«Чек арасыз кабарчылар» уюму Казакстандын бийлигине кайрылды


Баш кеңсеси Парижде жайгашкан «Чек арасыз репортерлор” укук коргоо уюму Казакстандын бийликтерин журналист Аскат Шарипжановдун өлүмүнө байланышкан ишти кайрадан иликтөөгө чакырды. Уюмдун билдирүүсүндө журналисттин өлүмүнө байланыштуу тергөө иши жетишээрлик ачылбаганы, окуяга толук баа берилбегени айтылат.
Казакстандагы “Навигатор” интернет басылмасынын кабарчысы
Асхат Шарипжанов узап бараткан жылдын июлунда жол кырсыгына кабылып, каза тапкан. Жакында Алматы шаарындагы Алмалуу райондук соту анын өлүмүнө байланышкан ишти карап, менчик автоунаасы менен журналистти коюп кеткен Канат Калжановду 3 жыл 6 айга эркинен ажыраткан өкүм чыгарган. Ал эми Казакстандык айрым журналисттер жана укук коргоочулар Асхаттын өлүмүнүн саясий себептери болушу мүмкүн деген күдүктөнүүлөрүн билдиришкен

XS
SM
MD
LG