Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:04

Топон суудан каза тапкандардын саны 125 миңден ашты


26-декабрда Түштүк чыгыш Азияда болгон суу каптоодон каза тапкандардын саны акыркы маалыматтар боюнча 125 миңден ашты. Миңдеген адамдар дале дайынсыз.
Инди океанынын алабында жашаган 5 миллиондой эл кырсыктан жапа чегишип, таза сууга, тамак-аш азыктарына жана дары-дармектерге муктаж болушууда. Тайланддын саламаттыкты сактоо министринин орун басары Чароенратанакук аймактагы кырдаалды атом бомбасынын жарылуусунан кийинки абалга салыштырды.
-Апаат көз ачып-жумганча эле болуп кетти. Бул кудум согуштагыдай, атом бомбасы жарылгандай эле окуя болду Анын курмандыктарынын көпчүлүгүнүн сөөгү али табыла элек, алардын бир даары сууга чөгүп кетишкен. Аларды табуу үчүн бизге каражат керек. Эгер алардын сөөгү суу үстүнө калкып чыкса эмне болот, билбейм.

Бириккен Улуттар Уюмунун маалыматына караганда, кырсыктан жабыр тарткандар үчүн дүйнө коомчулугу жарым миллиард доллар бөлүүдө. Апаат азабын тартып жаткан Түштүк Чыгыш Азиядагы өлкөлөрдө жаңы жылдык салтанаттардын ордуна аза күтүү жараяны өтүүдө.

XS
SM
MD
LG