Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Февраль, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:39

Силвио Берлускони жеңил жаракат алды

Жаңы жыл түнү Римдин борбордук аянтында майрамдап жаткан элге кошулган премьер-министр Силвио Берлускониге кол көтөрүү болду. Түндүк Италияда куруучу болуп иштеген жана жаңы жылды борбор шаарда тосууга келген 28 жаштагы жигит премьер-министрди видеокамеранын штативи менен бир урган. Анын натыйжасында Берлускони жеңил жаракат алды. Полиция дароо кармап, камакка алган жигиттин айтымында ал Берлусконини жек көрөт. Негизи эле Италиянын премьер-министри эл көп топтолгон жерге капысынан барып, көңүл ачканды жакшы көрөт.
XS
SM
MD
LG