Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Декабрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 15:42

Суу каптоодон каза тапкандардын саны 150 миңге жетиши ыктымал


Бириккен улуттар уюмунун маалыматы боюнча Түштүк Азияда мындан бир апта мурда болгон суу каптоонун курмандыктарынын саны 150 миңге жетиши ыктымал. Акыркы маалыматтар боюнча азыр каза тапкандардын саны 125 миңге жакындады. Улуттар уюмунун баш катчысы Кофи Аннан дүйнө мамлекеттери көргөзүп жаткан жардамдарды координациялоонун зарылдыгын айтты:

– Мен координация тууралуу айтканымда кеп жалгыз эле көмөк көрсөтүп жаткан мамлекеттердин ортосунда гана эмес, координация жардам алып жаткан өлкөлөрдүн деңгээлинде да, бейөкмөт уюмдардын, Кызыл чырым, Кызыл ай жана башка эларалык уюмдардын бөлүмдөрүнүн деңгээлинде да болсо деп ойлойм.

Кофи Аннандын айтымында жардамдарды тезинен бөлүштүрүш үчүн тикучактар керек. Акыркы маалыматтар боюнча Инди океанынын алабындагы мамлекеттерге көрсөтүлүп жаткан жана убада кылынган жардамдын көлөмү 1 миллиард 360 миллион долларга жетти. Бир эле Кошмо Штаттары 350 миллион доллар берип жатат. Жапония 500 миллион доллар көмөк көрсөтүүгө ниетин билдирди.

Кырсыктын каскагынан 5 миллион адам тамак-ашка, дары-дармекке муктаж болуп, катуу кыйналып жатышат. Дале болсо миңдеген адамдардын дайын-дареги белгисиз. 1-январдакү күндү – Швеция, Финляндия, Норвегия аза күтүү күнү деп жарыялады.

XS
SM
MD
LG