Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:05

Жалалабад облусундагы “Фергана” гезити Кыргызстандагы 100 бай адамдын атын атады


ЖАЛАЛАБАД. Көз каранды эмес гезиттин жамаатчылыгы иликтөөнү бир жыл бою өлкөнүн ири шаарларындагы эксперттери менен бирге жүргүзгөн. Эксперттердин берген баасы боюнча жогорку бийлик өкүлдөрү менен депутаттар бай аталышкан. Байлардын тизмесин президент Аскар Акаевдин олимпиаладык комитеттин төрагалыгына жакында шайланган уулу Айдар Акаев, күйөө баласы Адил Тойгонбаев, Эл өкүлдөр палатасынын төрагасы Алтай Бөрүбаев, премьер министр Николай Танаев, вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаев, президенттик администрациянын башчысынын орун басары Болот Жанузаков жана Конституциялык соттун төрайымы Чолпон Баекова баштаган. Абакта отурган «Ар намыс» партиясынын төрагасы Феликс Кулов менен Жогорку Кеңештин 29 депутаты, өкмөттүн курамындагы 13 министр, алты облустун губернаторлору жана бир нече акимдер байлардын катарына жазылган.

XS
SM
MD
LG