Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 04:49

ДҮЙНӨ ӨЛКӨЛӨРҮ ТОПОН СУУДАН ЖАБЫРКАГАН АЙМАКТАРГА БАР ЖАРДАМЫН ЖӨНӨТҮҮДӨ


Амирбек Азам уулу, Прага шаары Эски жылдын акыркы жумасында Түштүк Азияны каптаган топон сууда –мурда болуп көрбөгөндөй суу ташкында жабыркаган аймактарга тыш өлкөлөрдөн түрдүү жардамдар үзбөй келүүдө. БУУнун маалымдашынча, дүйнө өлкөлөрү 2 миллиард долларга жакын тез жардам көрсөтүлөт деп убада кылышкан. Ага карабай, табигый апааттан жабыр тарткан айрым аймактарга тийиштүү жардам жетпей жатканы кабарланууда. Бириккен Улуттар Уюмунун эсеби боюнча, цунамиде набыт болгон адамдардын саны 150 миңге чыгып барышы ыктымал.

Кубаттуу толкундарды жараткан жер титирөөнүн очогу - Суматра аралынын зилзаладан жана топон суудан аман калган калкын азык-түлүк, дары-дармек, таза суу жана башка зарыл заттар менен камсыздоо кызуу жүрүүдө.

Ыктыярдуу иштеген жергиликтүү калк жана индонезиялык аскерлер Суматра аба майданына конуп жаткан учактардын жүгүн түшүргөнгө үлгүрбөй жатат.

Кабарчылардын билдиришинче, жолдор, кеме-кайыктар токтоочу жайлар бузулуп, телефон байланышы үзүлгөн аймактарга жардам жеткирүү америкалык жана индонезиялык тикучарлар үчүн өтө кыйын болууда.

Суматра аралында иштеп жаткан Pompiers San Frontieres эл аралык соопкерчилик уюмунун дарыгери Изабелла Лорд-Жулье айым Ачех провинциясына жүк ташыган тикучарлардын санын көбөйтүүнү өтүндү:

- Алды менен негизги лагерди куруп бүтсөк, ал жердеги оорукана элди дарылай баштайт. Бизде сууну тазалоочу командабыз да болот. Биз ошондо 2, 5 миң адамды тейлей алабыз.

Улаттар Уюмунун баш катчысы Кофи Аннан эл аралык коомчулукту цунамиде жабыр тарткан өлкөлөргө жардам берүүнү көбөйтүүгө чакырды жана “жардамды тез жеткирүү “ иштин татаал бөлүгү болуп жатат деди.

Эң ири көлөмдөгү жардамды (500 миллион доллар) Жапон өкмөтү убада кылды. Америка Кошмо Штаттары 350 миллион доллардай каржылык жардам берет.

Суматранын жээгине токтогон АКШнын аскерий кемеси (крейсери) көчмө база катары пайдаланылса, индонезиялык төрт аскерий кеме зилзалада катуу зыян тарткан Мүлабох аймагына гумжардамды жеткирүү далалатында.

Индия өкмөтү да суу ташкын болгон аймактарда жугуштуу оорулардын чыгып кетпеси үчүн бар аракетин жасоодо.

Индиянын Министрлер кабинетинин секретары Чатурведи мырза 1-январдын кечинде жасаган билдирүүсүндө, кырсык болгон аймактарга дарыгерлер мурда эле жөнөтүлгөнүн айтып, алдыда аткарылчу иштерге токтолду:

- Ишке баш көз-болчу топ бул аймактарга шейшемби күнү барышып, жергиликтүү өкмөттөр менен алардын муктаждыктарын такташат. Анын натыйжасына жараша аларга тиешелүү каражат бөлүнөт.

Тайландда цунамиде 4 миңден ашуун киши курман болгону тастыкталды. Миңдеген адамдардын тагдыры белгисиз. Премьер-министр Таксин Шинаватра жекшемби күнү кырсыкта катуу жабыркаган аймактарды кыдырып, эпидемияга жол берилбейт деп сөз берди:

- Биз бүтүндөй кырдаалды көзөмөлдөй алаарыбыздан сиздер кам санабаңыздар. Тайландда жугуштуу оорууларга жол берилбейт. Ал үчүн бардык чаралар көрүлүүдө. Кыштактарда санитардык жагдайды жакшы сактоо үчүн тийиштүү көрсөтмөлөр жөнөтүлдү. Саламаттык сактоо министрлиги атайын топторду жөнөттү жана жугуштуу илдеттер чыгып кетпеси үчүн биз баарын жасайбыз.

2-декабрда Тайланддын католик чиркөөсү топон сууда каза тапкан адамдарды эскерип, жалпы өлкө боюнча атайын зыяпат өткөрдү:

Жекшемби күнү Шри Ланканын бутпарас (будда) чиркөөлөрүндө да апаатта өлгөн 28 миңдей адамды жоктогон диний жөрөлгөлөр өттү. Ванита Виднжодарашчи байтак шаар Коломбонун чиркөөсүндө өткөн тажияда өз мекендештерин оор жоготууларга карабастан кайраттуу болууга үндөдү :

- Бизде жашоодон кечтим деген сезим болбош керек.


Сүрөттө: Индиянын Керала штатынын калкы топон сууда набыт болгондордун сөөгүн өрттөп, маркумдарды акыркы сапарга узатууда. 29-декабрь, 2004-жыл.

XS
SM
MD
LG