БИШКЕК. Келээрки парламенттик шайлоого «Менин өлкөм» саясий партиясынын он төрт мүчөсү талапкер катары ат салышат. Алар шайлоого партиянын атынан эмес, өздөрүн-өздөрү көрсөтүү менен катышат. Буга байланыштуу аталган партия жакын арада өз курултайын өткөрбөйт. Бул тууралуу «Азатыктын» кабарчысына 2-январда «Менин өлкөм» саясий партиясынын координатору Галина Куликова билдирди. Анын айтымына караганда, 2005-жылдагы парламенттик шайлоого чейин аталган партия кандайдыр бир саясий партия менен бир блокко биригиши ыктымал. «Бул максатта учурда башка саясий партиялар менен сүйлөшүүлөр жүрүүдө» деп кошумчалады Галина Куликова.