БИШКЕК. «Кыргызстандын мурдагы өкмөт башчысы Курманбек Бакиев жетектеген Кыргызстан элдик кыймылы менен «Арнамыс» партиясынын ортосунда өз ара биригүү тууралуу буга чейин сүйлөшүүлөр болгон. Эгерде Курманбек Бакиев келээрки президенттик шайлоого чейин Кыргызстанды келечекте өнүктүрүү боюнча өзүнүн социалдык, экономикалык, саясий программасын жарыялай турган болсо, биз алар менен кошулууга макулбуз». Бул тууралуу «Арнамыс» партиясынын учурда абакта жаткан төрагасы Феликс Кулов «Азаттыктын» кабарчысына 2-январда берген интервьюсунда билдирди. Белгилей кетүүчү нерсе өткөн аптада курамына «Арнамыс» партиясы кирген Элдик конгресс жана «Атажурт», «Жаңы багыт», Кыргызстан элдик кыймылы, Адилет шайлоо үчүн атуулдук кошунунун жетекчилери келээрки парламенттик шайлоодо өз ара кызматташуу тууралуу келишимге кол коюшкан.